Энелер күнүнө карата өтүп жаткан акысыз медициналык кароого келген айымдардын дээрлик бөлүгү гинекологиялык жана онкологиялык ооруларга чалдыкканы аныкталууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин дарыгери Раиса Асылбашева билдирди.
“Медициналык текшерүүгө келген айымдар сөзсүз түрдө дарыгер-гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшөт. Жыл сайын өтүп келаткан акысыз кароого келгендерге карата цитологиялык жана онкологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, сүт бездеринин рак ооруларын аныктоо, адистик кеңеш берүү жүрүп жатат. Анын найтыйжасында көбүнүн аталган оорулар менен жабыркаганы аныкталат”,- дейт Р.Асылбашева.
Ошондой эле кароого келген кош бойлуу айымдар текшерилип, каттоодон өтө электер катталып, тиешелүү көрсөтмөлөр берилүүдө. “Акциянын алкагында текшерүүдөн өтүүнү каалагандардын жашаган жана катталган жерине карабайбыз”,- деп кошумчалайт дарыгер.
Учурда шаардагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, студенттик жана курулушчулар бейтапканаларында аталган акция өткөрүлүүдө.
Эске салсак, өткөн жылы бул акциянын алкагында медициналык кароодон 36 миң аял өтүп, аларда оорулардын 666 түрү аныкталган.