Анда КРнын Судьялар кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун судьясы Жакып Абдрахманов мелдештин командаларын жана келген конокторду куттуктап, сот тутумунун спорттук жашоосунда бүгүнкү күн өтө олуттуу экенин белгиледи. "Кыргыз Республикасынын тарыхында соттор арасында мини-футбол боюнча мелдеш биринчи жолу өтүп жатат. Адам баласынын жашоосунда, өзгөчө жаштар үчүн спорт – бул физикалык жана моралдык тарбия, дүйнө таануу боюнча башкы мектеп, адамдык жогорку баалуулуктарды үгүттөөнүн негизи, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоого үндөө. Бүгүнкү мелдеш спорттук багытта өнүгүүнүн мындан аркы стимулу жана ар бир катышуучунун эсинде унутулгус окуя болуп каларына ишенем",- деди Абдрахманов.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын футбол талааларында өтүүдө. Мелдешке Бишкек шаардык сотунун, облустук, аскер сотторунун, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин командалары жана Жогорку Соттун 2 командасы катышууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.