21-26-май күндөрү кыргыз-кытай биргелешкен жарманкеси Ош улуттук драма театрынын алдында болот. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жарманкеде Кытайда өндүрүлгөн экспорттук товарлар, техникалар жана айыл чарба жабдыктары коюлат. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер үчүн кытайлык өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен келишим түзүүгө, керектүү жабдыктарды, техникаларды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Эске сала кетсек, мындай жарманке Ош облусунда 3 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Ага КЭРдин Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун жетекчиси Пархат Турду башында турган бийлик өкүлдөрү катышып келген.