Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылына 24 жылдан бери сугат суу чыкпай келген. Бул аймакка шаардагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты тарабынан суу берилди. Муну бүгүн, 16-майда аталган мекеменин жетекчиси Айгүл Наватова билдирди.
Анын айтымында, мындан ары Тээке айылына эгин эгүү жана калаадагы гүлдөрдүн да ушул аймакка эгилүүсү пландалууда.
Совет убагында күнөсканалар курулуп, учурда аягына чыкпаган бул жер эгин эгилбестен турган. Учурда шаар бийлиги тарабынан каржыланып, арпа, жүгөрү себилди. Араван районуна келген сууну насос менен тартуу үчүн суу түтүктөрү орнотулуп, электр тогу алынып келингенин да кошумчалады.