Бишкекте Чүй чек ара кошуунунун жаңы аскерлеринин ант берүүсү өтөт

Эртең, 17-майда Бишкек шаарындагы Даңк аллеясында Чүй чек ара кошуунунун катарын толуктаган жаңы чек арачылардын ант берүүсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагын коргоо жана кайтаруу жоопкерчилиги жүктөлгөн аймак болгон Чүй чек ара кошуунунун жетекчиси катышат. Ошондой эле ардагер чек арачылар жана жаңы аскерлердин ата-энелери күбө болушмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан