Мамлекеттик каттоо кызматы калкты мамлекеттик бирдиктүү каттоону түзүү боюнча тездетилген планды иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 16 жаштан жогору жарандарынын биометрикалык маалыматтарынын базасы түзүлүп, өлкөдө жаңы муундагы паспорттор ишке киргизилмекчи.
Аталган план бүгүн, 16-майда өтүүчү Калкты мамлекеттик бирдиктүү каттоону жайылтуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча республикалык штабдын отурумунда көрсөтүлдү.