Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 148 энени майрамы менен куттуктады

Бишкекте бүгүн, 16-майда Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаранын алкагында Свердлов райондук администрациясы 148 энени майрамы менен куттуктап, аларга чакан концерт уюштурушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган аймакта Баатыр эне медалы менен сыйланган 109 эне жана Эне даңкы медалы менен сыйланган 39 эне жашайт.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Свердлов райондук администрациясынын башчысы А.Өмүрбекова катышып, чакырылгандарга майрамдык концерт тартууланды. Ар бир энеге 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан