Бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев 1-10-май аралыгында өткөн тайбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль уткан Мирбек Качкынбаев менен коло медаль ээси Тимур Баркалбасовду кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, А.Алиев спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты. Алардын мелдешке баруусуна аким каржы жагынан көмөк көрсөткөн.