16-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 985 миллион куб метрди түздү

2014-жылдын 16-майына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 985 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

2013-жылы ушул күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,297 миллиард куб метрди көрсөткөнү маалым. 

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү секундасына 556 куб метрди түзсө, былтыр ушул күнгө карата секундасына 334 куб метрди түзгөн.

Ал эми агып чыккан суунун көлөмү бүгүнкү күндө секундасына 252 куб метрди түзүүдө. Былтыр ушул күнгө карата суунун чыгымы 309 куб метрди түзгөнү маалым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан