Шашылыш билдирүү: 19-23-майдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Бүгүн, 16-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты. Белгилүү болгондой, 19-23-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын  тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. 
Ал эми "Кыргызгидрометтин" расмий сайтынын маалыматына ылайык, 19-майда республиканын айрым жерлеринде, 20-22-майда КРнын көпчүлүк аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет. 
20-22-май күндөрү өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +15°С болсо, тоолуу райондордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 
Ошондой эле түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде абанын температурасы 0°Сге барабар болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. 
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
byityshka
2014-05-16 16:45:35
Туй ата, анан мом жемиштер кайра кымбат болот экен (((((
0
realliver
2014-05-16 16:57:32
0 gradus degeni chatak eken. Birok noshorluu jamgyr azyr bizge ayabai kerek bolup jatat. Arpa menen buudai jyrgap kalat ele. Toodogu choptun dagy osushuno jardamy tiymek
0
Bayjigit83
2014-05-17 19:06:22
Кудайым берекелуу жана пайдалуу жамгырлардан кылган болсун ылайым!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан