Маалыматка ылайык, аталган интернет-ресурсуна салык декларациясын тапшыруу боюнча маалыматтар жайгаштырылат. Сайтта физикалык жак категориясы жана жеке ишкерлер үчүн салык декларациясынын үлгүсүн толтурууга мүмкүндүк бар.
Ошондой эле аталган сайтта электрондук эсептегич жайгаштырылган. Салык толтуруучу андагы тиркемелердин эсептөөлөрүн автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк алат.
Маалыматта белгиленгендей, кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кампаниянын мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна дейре узартылган. Кирешелер жана мүлк тууралуу декларациялык маалымат 2013-жыл үчүн жарандардын бирдиктүү салык декларациясын түзүп, көрсөтүүгө негиз болот.
Веб-баракча КРнын МСК жана Экономика министрлигинин буйрутмасы боюнча республика коомчулугун жалпы салык декларациясына даярдоо иретинде иштелип чыкты.