Америкадагы Пайквилл шаарында жамбаштан ылдый түшкөн шым кийүүгө тыюу салынды. Мындай мыйзам аталган шаар башчылыгы тарабынан кабыл алынды. Эми мындай моданын артынан куугандар мыйзамдын негизинде 25-50 долларга чейин айып төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кимдин шымынын бели жамбаш булчуңдарынан 7 сантиметр ылдый түшүп турса, жазага тартылат. Бийликтегилер "жарым жылаңач кийинүү жана ич кийимдин көрүнүп жүрүшү айланадагыларды сыйлабагандыкка жатат" деп эсептешет. Аны менен катар "Бели жамбаштан ылдый түшкөн шымды кийип жүрүү өтө опурталдуу, шыпырылып кетип чалынып жыгылса эмне болот?" дешүүдө.