Бүгүн, 16-майда 14-майдан бери өтүп келген “Айыл-агро-2014” көргөзмөсү аяктап, анда өлкөнүн ар бир аймагынан 7 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге шилтеме берүү менен КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чарада 9 мамлекеттин 40 уюмунан 87 айыл чарба техникасы көрсөтүлдү. “Ушундай иш-чараларды өткөрүү биздин өлкөбүз үчүн өтө маанилүү. Эң алгачкы көргөзмөдөн кийин айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө алынып келинген техникалардын саны 4 эсеге өстү”,- деди Сарпашев.
Мындан тышкары “Айыл-агро” көргөзмөсүнүн алкагында КРнын II Улуттук агрардык-инвестициялык форуму, “Бишкек эл аралык каржы форуму-2014” жана “Орусиялык айыл чарба техниканын жана жабдуулардын күнү-2014” тегерек столу уюштурулду.