Ош шаарында командалык-штабдык машыгуулар өттү 

Ош шаарында 13-майдан 15-майга чейин “Өзгөчө кырдаал келип чыккан шартта башкаруу органдарынын жана Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн иш-аракеттери” аталышында командалык-штабдык машыгуулар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган машыгуу Жарандык коргонуунун 2014-жылга бекитилген планына ылайык, Ош шаарынын мэринин жана Жарандык коргонуу кызматынын башчысынын жетекчилиги астында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-уюмдарынын күч жана каражаттарынын даярдыгын жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аткара турган чыныгы иш-аракеттери текшерилди.

Аталган иш-чарада жалпысынан Ош шаарындагы Жарандык коргонуу кызматтарына жана мекеме-уюмдарына 14 тапшырма коюлуп, анын ичинен 3 тапшырма практика жүзүндө Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылында көрсөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан