Бишкекте кечээ, 16-май күнү Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы А.Алиев аталган аймактагы энелерди келе жаткан майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондо 99 көп балалуу эне катталган. Майрамдык салтанатка чакырылгандардын 90у Баатыр эне, 9у Эне даңкы медалы менен сыйланышты.
Аларга 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.