Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 19-майда Мальдив аралдарында старт ала турган АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына даярдыгынын алкагында кечээ, 16-майда Кувейт менен жолдоштук оюн өткөрүп, 2:2 эсебинде тең чыкты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курамынан Ахлетдин Исраилов менен Азамат Байматов айырмаланышты.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагында 12-майда Ооганстан менен жолдоштук оюн өткөрүп, 1:0 эсебинде утулган.