Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 16-майда Чүй облусундагы Сокулук районунун Маловодное айылындагы Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборунда болуп кайтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, төрагага аталган борбордогу абал боюнча борбордун жетекчиси Айзада Асанова маалымат берди. Бул социалдык стационардык мекемеде республиканын ар кайсы облустарынан келген, бирөөнүн камкордугуна, медициналык, социалдык-укуктук жана маданий камсыздоолорго муктаж 44 жаран бар. Алардын 35и жаш балдар (16сы кыз, 19у бала). Мамлекеттин толук камсыздоосунда болгон бул жайдагы балдардын 35и баса алса, калгандарынын басууга мүмкүнчүлүгү чектелүү. Балдар менен жалпысынан 25 кызматкер иш алып барат.