Төрага: “Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборунда 4500 сом айлык алган кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу керек”

Төрага Асылбек Жээнбеков кечээ, 16-майда Сокулук районунун Маловодное айылындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборуна болгон сапарында калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүлгөн кабинеттер, жатак жайлар, окуулар өтүүчү класстар менен таанышты. Андан соң эмгек жамааты менен жолугушуп, борбордун кем-карчтарына көңүл бурду.

Кызматкерлер эмгек акыларынын аздыгын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоодо дары-дармек каражаттарынын кымбаттыгын жана бул максатта бөлүнүүчү каражаттын аздыгын, айылда бала бакча жоктугунан өздөрү менен кошо балдарын да жумуш ордуна алып жүрүүгө туура келген оңтойсуз жагдайларды төраганын астына коюшту. Мындай көп мээнетти талап кылган жайдагы кызматкерлердин 4500 сом болгон айлыгын аз деп белгилеген А.Жээнбеков КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге борбордун кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча сунуш берүүнү тапшырды. “4500 сом өтө аз. Айлыкты көтөрүшүбүз керек. Дары-дармектерге бөлүнүүчү каражаттын өлчөмүн жогорулатуу зарыл. Социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуш киргизсе, биз карап көрүп, колдоп беребиз”,- деди төрага.

Маловодное айылы караган Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы эмгек жамааты көтөргөн бала бакча көйгөйү боюнча айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен айылдагы эски мектепти бала бакча кылып өзгөртүү багытында иштер жүрүп жатканын айтты.

Соңунда аталган борборго Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми жаңы уюшула турган бала бакчага дагы Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан материалдык жардам көрсөтөрүн спикер убада кылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан