Кечээ, 16-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Баул айылында сел агызып кеткен 310 метр таза суу түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМнын басма кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, калыбына келтирүү боюнча жумушка жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылды.