Бишкекте өткөн сот тутумунун кызматкерлеринин ортосундагы кичи футбол боюнча мелдешти Ош облустук сотунун командасы утту

Кечээ, 16-майда КРнын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КРнын Футбол федерациясына караштуу Футбол борборунда өткөн иш-чарага Бишкек шаардык сотунун, облустук, аскер сотторунун, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин командалары жана Жогорку Соттун 2 командасы катышкан. Жыйынтыгында байгелүү алдынкы 3 орундун ээлери төмөнкүчө аныкталды:

1-орун. Ош облустук сотунун командасы

2-орун. Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин командасы  

3-орун. Чүй облустук сотунун командасы  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан