Түркия: Футболчу Дидье Дрогба Сома шаарында көмүр шахтасында каза болгондордун жакындарына 1 миллион евро бөлдү 

Белгилүү футболчу, учурда түркиялык “Галатасарай” футболдук клубунда ойноп жаткан Дидье Дрогба Түркиянын Сома шаарында көмүр шахтасындагы жарылууда каза болгондордун жакындарына жардам иретинде 1 миллион евро каражат бөлдү. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлашат.

Маалыматка ылайык, футболчу бул каражатты өз эсебинен бөлүп берген. 36 жаштагы чабуулчу учурда “Галатасарайда” жылына 7 миллион евро маяна алат.

Футболчунун бул ишин Түркияда көпчүлүк “жаштарга татыктуу үлгү көрсөтүүдө” деп кабыл алууда.

Кошумчалай кетсек, шахтадагы жарылуу 13-майда катталган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
rozka
2014-05-17 20:21:27
Алла ыраазы болсун
0
DNurgiza
2014-05-17 21:09:51
Соз жок. Эн туура кылган. Биздин кыргыздарда да ушундай адамдар коп болсо.
+1
Jamalym
2014-05-17 21:10:38
Соз менен эмес иш менен аткарган жигит экен!
0
lotte
2014-05-17 21:14:07
Азамат! Алла ыраазы болсун!!!
0
aikol87
2014-05-17 21:20:50
Бизде каяктан бермек мындай жардамды. кайра эл топтошот колунан келишин анысы жеткиче ар кимиси узуп алып атып 4тон , бир болугу жардам деп берилиши мумкун.
0
Warszaw
2014-05-17 22:27:15
чын эле үлгү болду беш колун матырып байыган адамдарга
0
kuba-kj
2014-05-17 22:41:41
Даа туугандар,кыргыз элиме миллионер же милярдер адам ажо болгондо гана элдин койгойун чечсе керек.а так озун тойгузат туугандарын тойгузат небере чеберелерине жеткидей мулк жыйнайт
+1
wwwbaxa
2014-05-17 23:00:38
kuba-kj, биздин чоондорубузда да бар,бирок беришпейт да...
0
erali
2014-05-17 23:10:53
Алла ыраазы болсун,Дрогба эн мыкты оюн корсотуу менен сооп иштерин да жасайт экен да.
+1
MarJane
2014-05-18 10:12:11
Азамат!!!!Аллах ыраазы болсун
0
kyrgyzman82
2014-05-18 12:12:18
аллах ыраазы болсун и бразилияда чемпион болсун!!!
0
kaniet
2014-05-18 14:06:17
Азамат, за то налогдон кутулат, налоговыйдагы жепжутатрга бергенче ошолорго бергени жакшы болуптур
0
Supataev.Salamat
2014-05-18 14:34:13
respect
0
tolik
2014-05-18 17:57:16
Аллах рразы болсун. Ал мыкты оюнчу гана эмес,жакшы инсан экендигин дагы бир жолу коргозуп койду. Галатасрай-Челси оюнунда дагы Челсинин куйормандары анын суротторун которуп жакшы маанайда тозуп алышкан. Андыктан мусулман болбосо дагы Аллах раазы болсун. Оомийн.
0
fara2503
2014-05-19 01:15:55
Дрогба футбол тарыхы кенен жана ошондой эле эн кайрымдуу инсан. Бар бол Дидье.
0
T.Shaiyrbek
2014-05-19 08:40:15
Кара адамдын журогу ак деген ушуда,Алла ыразы болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан