Мадриддик “Атлетико” футбол боюнча Испаниянын чемпиондугун утуп алды

Кечээ, 17-майда футбол боюнча Испаниянын чемпиондугунун жыйынтыктоочу 38-тур оюндары өтүп, чемпиондук наамды “Атлетико” багындырды. Бул үчүн мадриддик “Атлетиконун” конокто каталондук “Барселона” менен 1:1 эсебинде тең ойноосу жетиштүү болду.   

38-тур оюндарына чейин сезондо 89 упай топтогон “Атлетико” конокто “Барселонага” утулбоого тийиш болчу. Себеби “Барселона” жеңишке жетишсе, командалардын упай көрсөткүчтөрү тең болуп, чемпиондук наамдын ээси киргизген голдордун айырмачылыгын эске алуу менен аныкталмак. Оюн жогорку ылдамдыкта башталып, алгач каталондуктардын курамынан Алексис Санчес эсепти ачты. “Атлетиконун” курамынан Диего Годин оюндун экинчи бөлүгүндө эсепти теңей алды. Жыйынтыгында командалар тең ойноп, өз эсептерине бирден упай жазышты. Ошентип, “Атлетико” акыркы 9 жылда чемпиондук тактыны алмак-салмак бийлеп келе жаткан “Реал” менен “Барселонаны” артка калтырды.

Кошумчалай кетсек, бул жолку чемпиондук менен “Атлетико” өз тарыхында Испаниянын чемпиондугун 10-ирет утту. Буга чейин акыркы жолу 1996-жылы чемпиондукту камсыздаган.

Алдынкы 4 орунду ээлеп, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кезектеги сезонуна жолдомо алган командалар:  

1-орун. “Атлетико”              38 оюн           90 упай

2-орун. “Барселона”           38 оюн           87 упай

3-орун. “Реал”                     38 оюн           87 упай  

4-орун. “Атлетик”                37 оюн           69 упай  

Бомбардирлер:

31 гол - Криштиану Роналду (“Реал”)

28 гол - Лионель Месси (“Барселона”)

27 гол - Диего Коста (“Атлетико”)

19 гол - Алексис Санчес (“Барселона”)

17 гол - Антуан Гризманн (“Реал Сосьедад”)

17 гол - Карим Бензема (“Реал”) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан