Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан "Сахабо" эс алуу жайында аким Бекболот Айтиевдин демилгеси менен Энелер күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага жалпысынан 600дөн ашуун эне чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны ачып жатып сөз сүйлөгөн Бекболот Айтиев "энелер - үйдүн куту, энелер мээримдүүлүк менен кечиримдүүлүктүн, кайраттуулук менен сабырдуулуктун, абийирдүүлүк менен намыстуулуктун символу, жер бетинде кандай гана баатырлар жаралбасын, алардын баары эненин ак сүтүн эмген адамдар" деп баса белгиледи. Куттуктоо сөзгө чыккан мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары да энелердин улуулугун баса белгилеп, энелерге баалуу белектерин беришти. Майрамдык иш-чара түрдүү оюн-зооктор, "Ыр кесе" жана концерттик программалар менен коштолду.