Саха Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан 5-июлдан 11-июлга чейин өтүүчү “Туймаада” Эл аралык ХХI мектеп окуучулары арасында өтүүчү олимпиадага кыргызстандык окуучулар да чакыруу алышты.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиадада окуучулар математика, физика, химия жана информатика сабактарынан өз билимин сынай алышат.
Уюштуруучулардын айтымында, олимпиаданын негизги максаты - окуучулар арасында шыктуу жана жөндөмдүү окуучуларды аныктап, алардын билиминин өрчүшүнө салым кошуу менен ар кайсы өлкөдөн келген балдар арасындагы ынтымакты бекемдөө. Олимпиаданын калыстар тобуна орусиялык ЖОЖдордун окумуштуулары, орусиялык олимпиадалардын окутуу-методикалык кеңештеринин мүчөлөрү катышмакчы.
Эске салсак, кыргызстандык окуучулар буга чейин аталган олимпиадага катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.