Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Барпы театрында Энелер күнүнө арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Жалал-Абад шаарындагы энелер жана мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан аялдар катышты. Анда вице-мэр Турдалы Темирбаев жалпы энелерди майрамы менен куттуктап, шаардык мэриянын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.
Салтанаттын соңунда Жалал-Абад шаарындагы мектептерден таланттуу окуучулар, чыгармачыл топтор тарабынан концерттик программалар уюштурулду.