17-майда Ош шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №5-гимназия-мектебинде Энелер күнүнө карата “Кыргыз идеологиясы анын ата салты, эне адебинде” деген аталышта дебат-дискуссия өттү. Аны 8-11-класстын окуучу кыздары менен биргеликте Шаардык билим берүү башкармалыгынын алдында негизделген эжейлердин “Ажарлуу аялзат” коомдук бирикмеси уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - бүгүнкү коомчулугубуздагы кыргыз кыздарынын жүрүм-туруму, маданияты, келечектеги генофондду таза сактоо.
“Ажарлуу аялзат” коомдук бирикмесинин төрайымы, №2-мектеп-гимназиясынын мугалими Бурулай Ташполотова бирикме мүчөлөрү менен тааныштырып, алдыдагы максаттарга токтолду. Энелер күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага жогоруда аты аталган уюмдун мүчөлөрү: №5-мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими Гүлнара Амиразаева, №50-мектептин мугалими Калыскан Акматова, №27-мектептин мугалими Жамалкан Сатилова, №2-мектептин мугалими Сүйүмкан Минапова жигердүү катышып, ойлорун ортого салышып, өспүрүм кыздардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Соңунда чакан программада концерт тартууланды.