Ошко Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки келди

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Коикэ Такаюки жана элчиликтин 2-катчысы Такума Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда ОшМУнун алдында курулуп жаткан медициналык клиника боюнча сөз болуп, биргелешип кызматташуу тууралуу пикир алышуу жүрдү. Ректор университеттин базасында курулуп жаткан медициналык клиниканын алдыдагы милдеттери, курулуш иштери, кызматы тууралуу айтты.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки биргелешип кызматташууга кызыкдар экенин, бүгүнкү күндө курулуш иши жүрүп жаткан клиника тууралуу жылуу ойлорун билдирди. Ошондой эле бул багытта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан