Ош. «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсүнө автоунаа ыйгарылат

Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо-сынагынын финалы эртең, 20-майда Ош улуттук драма театрында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка 25 мугалим катышып, алардын ичинен 8и финалга чыгышты. Анда мугалимдер сахнада өз өнөрлөрүн тартуулаган соң, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми баш байгени утуп алган мугалимге уюштуруучулар тарабынан автоунаа берилет. Ошондой эле 1-2-3-орундарды ээлегендерге үй-тиричилик техникалары ыйгарылат.

Сынактын финалдык бөлүгүнө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана шаардагы бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышары күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-05-19 10:46:56
Жакшы болуптур мугалимдерге кичине болсода стимул жаратылып. эми кимге буйруйт экен авто уна
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан