Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Куланак
айылында 13-майда ата-энесине куран окуткан
Орозбек Исаковдун үйүнө
келген 23 адам майонез кошулган салатка ууланган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда уулангандар Нарын облустук ооруканасында дарыланышууда. Дарыгерлердин айтуусуна караганда, уулангандардын абалдары орто.