Ош шаарында Энелер күнүнө карата 245 энеге Баатыр эне ордени тапшырылды 

Бүгүн, 19-майда Ош шаарынын мэриясынын имаратында Энелер күнүнө карата иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана вице-мэр Ильич Эргешов катышты.

Иш-чарага шаардан 400дөн ашуун эне чакырылып, шаар башчысы тарабынан 500 сом өлчөмүндө акчалар берилди. Ошондой эле алар үчүн концерттик программа тартууланды.

Ош шаардык мэриясынын кадр маселеси боюнча башкы адиси Масуда Айдарбекованын берген маалыматы боюнча, бул жылы Ош шаарынын аймагында жашаган 245 энеге Баатыр эне ордени тапшырылса, 68 эне Эне даңкы медалына татыктуу болушкан.

Эске салсак, 2013-жылы 64 энеге Баатыр эне ордени, ал эми 5 энеге Эне даңкы медалы тапшырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2014-05-19 13:45:03
Башка областарг да бердиби же оштон ашкан жокпу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан