“Ички иштер министри ар бир милиционер үчүн башы менен жооп берет”,- деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысы Абдулда Суранчиев.
Анын айтымында, министр ИИМде болгон тартип үчүн жооптуу. “Албетте, министрлик өз ичинде башкармалыктарга бөлүнөт. Алардын жетекчилери өзүнүн кадрлары үчүн жооп берет”,- деди ал.
“Жакында бир нече милиция кызматкери кандайдыр себептерден улам кармалган. Алар тарабынан мыйзам бузуулар сот аркылуу аныкталса, алар жоопкерчиликке тартылат”,- деп кошумчалады Суранчиев.