“Генерал ар бир мыйзамсыз караңгылатылган автоунааны кубаласа, ага мындай иш жарашпайт”,- деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министри Абдулда Суранчиев.
Анын айтымында, “тонировка” маселесинен башка да жол эрежелерин бузуулар бар. “Тонировка” эң курч көйгөй эмес. Мен муну КРнын ИИМинин Жол коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаевге айткам. Ал унааны кубалабай эле, рация аркылуу кызматкерлерине унааны кармоо боюнча буйрук берсе туура”,- деди министр.