Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын кезинде оорукта эмгектенген жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул айылдын Өмүркул Шабданбеков, Эсенкул Алымбаев жана Жумакан Эсеналиева аттуу тургундары кезинде оорукта эмгектенишкен. Бирок архив өрттөнүп кеткенине байланыштуу көп жаран оорукта эмгектенгендерин ырастай албай келишүүдө. Алар министрден ушул маселе боюнча колдоо көрсөтүүнү суранышты.