Бүгүн Ошто эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча тендер өтөт

Бүгүн, 19-майда эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Жапар Ормонов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өткөрүлгөн тендерде бир катар мыйзам бузуулар катталгандыгын айтып шаардык прокуратура мэрияга кат жолдогон.

"Буга чейин өткөрүлгөн тендерлер Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Ал эми көпүрөнү куруу үчүн Ош шаардык кеңешинин өткөн жыйындарында ар кандай формадагы төрт долбоор сунушталган. Бүгүнкү күндө тендерге катышуу үчүн 6га жакын жеке ишкана арыз берген. Бирок саат 16:00гө чейин арыздарды кабыл алуу уланат. Так маалымат ошондо чыгат",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
julduzbek82
2014-05-19 12:13:38
жакшы болот эртерак бутурсонор
0
Mech.kg
2014-05-19 13:02:16
Жакшы жакшы мэр алгаа !
Мелистин катачылыгын ондоп ,жакшы иштерин алга жылдыра бер.
+1
peri...97
2014-05-19 13:16:08
Былжырашып эми убакыт келиппи давно ойлонуп чечиш керек болчу....биз учун биринчи орунда элдин кызыкчылыгы дешет....чын чынына келгенде оздорунун кызыкчылыгын аткарышат......
0
kamyr26
2014-05-19 15:33:38
Мелис Мырзакматов болгондо бул эстакадалык копуро бутуп деле калмак жана башка жаны пландарды иштеп чыкмак азыркы мэринерден корунукту иш кылганын коро албадым .
0
Bolunbo
2014-05-19 16:03:45
Эч ичим чыкпады бул мээрге. М. Мырзакматовдун убагында Ош шаарында ар ай сайын жакшы жаңылыктар болуп турчу. Азыр эч бир жылыш жок деп айта алам!
0
toobaldaru
2014-05-19 16:35:58
копуро эртерээк курулуп бутсо жакшы эле болот. мурдагылар жеп журо берип ушул болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан