“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир нече версия бар” дейт ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир нече версия бар. Бирок тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн биз аларды жарыялай албайбыз”,- деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин башчысынын орун басары Калыбек Сатывалдиев.

“Эмнеге тергөө амалдары абдан жай жүрүп жатат?” деген журналисттердин суроосуна ал: “Тергөө амалдары өз ылдамдыгы менен жүрүп жатат. Айрым тергөөлөр жыл бою өтөт. Эскерте кетсем, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча тергөө иштери 8 ай жүргөн”,- деп жооп берди.

Анын айтымында, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ИИМдин мыкты тергөөчүлөрү иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын 27-мартында КРнын ИИМинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдыкулов жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын билдирген.

Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Biinura
2014-05-19 12:21:06
Каждый должен получить по заслугам.
0
Bogotik
2014-05-19 12:26:30
Тапкыла тапкандан кайра бошотбогулада
+1
Biinura
2014-05-19 12:28:35
Он гулунон бир гулу ачыла элек кызда кандай очу бар болду экен. Коомчулукка коркунуч туудурган "адамдарды" жакшы жазаласа балким кылмыштар жоюлат беле. Олтуруу, зордуктоо ж.б.у.с оор беренелерге олум жазасын киргизуу зарыл.
+7
Made_in_Mama
2014-05-19 12:55:17
Бул кыздын жоголушу, изделуусу интернетте, тв.да катуу жайылды эле. Ошондуктан кылдаттык менен тергоо журуп жаткандыр да. Болбосо Камилага окшоп жоголгон кыздар коп. Мыкаачылык менен кордолгондор коп. Бирок, алардын ишин карашпагандай. Бул окуя элге жеткен учун, иштеп жатышат тергоочулор!
+6
gul75nur
2014-05-19 12:57:03
Жакында менин синдими ала качыб кетишти биз ошол замат милицияга кайрылдык же тиги ала качкандар тез кабар беришбеди Апам канбасымы которулуб жаман болду ыйлаб милицяга жалдырасак 15мин сурады уялбай(((аябай капа болдук окундук биз кызды издеш учун бензин алышыбыз керек деп........
+13
Jiide.8792
2014-05-19 15:07:48
Тан калыштууу
0
madina.00
2014-05-20 02:41:46
Кытай, Иран мкмлекеттериндей кылып оор кылмыш кылгандарга олуп жазасы керек,ошондо кылмыштуулук азаят.
+1
aikol87
2014-05-20 07:59:12
Кеч болсода жазасын алышсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан