Кальян чегүү жугуштуу оорулардын жайылуусуна себепкер болушу толук ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
“Өлкө аймагында кальян чегүү аябай өнүккөн. Өзгөчө сайрандоочу жайларда. Кальян өпкөгө өтө зыян тийгизгенинен сырткары ал аркылуу көптөгөн жугуштуу оорулар жугушу толук ыктымал. Мисалы, ичеги оорулары, жугуштуу ооруну козгоочу микробдор жана менингококк инфекциясы да жугушу мүмкүн”,- дейт Г.Аалиев.
Дарыгердин айтымында, кальян чегүүчүлөрдүн ага чейин аны кандай оору менен жабыркаган адам чеккени тууралуу маалыматы жок. Кальян ооздон оозго өтүп колдонулган соң көптөгөн жугуштуу ооруларды жугузууга өбөлгө болушу мүмкүн.