Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек ара жаңжалдарынын саны 22 пайызга төмөндөдү

Кыргыз-өзбек участкасында чек ара жаңжалдарынын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек чек ара жаңжалдарынын саны 22 пайызга төмөндөгөнү Ала-Бука чек ара тозотунда Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчилигинин кезектеги жыйынында белгилүү болгон. Аталган жыйынга Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек ара тозотунун командачысы жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун күч структуралары, Ала-Бука районунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары катышты.

Жалал-Абад облусунда ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү, трансчекаралык кызматташуу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында ЕККУ долбоорунун алкагында түзүлгөн жаңжалдык кырдаалдардын алдын алуу тобу эки жыл катары менен иштеп келет.

Кыдаалдардын алдын алуу долбоордук тобу тарабынан Ала-Бука районунда Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик чек ара участкаларындагы жаңжалдардын алдын алуу боюнча негизги механизмдер түзүлгөн.

Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу боюнча жалпы иш-чаралардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек участкасында чек ара жаңжалдарынын саны 22 пайызга төмөн болгон.

ЕККУнун долбоорунун эффективдүүлүгүн эске алуу менен ушул сыяктуу топтор Мамлекеттик чек ара кызматынын колдоосунда Баткен облусунда да түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toobaldaru
2014-05-19 16:33:04
15 жыл боюу кыргыз тарап, чек арасы бар экенин жок экенин козомолдоп да койгон эмес. Акаев жалжыйып журо берип 7 жыл чек ара деген таптакыр жок жашаганбыз. мына ошондо кошуналар каалаган жерин каалагандай басып тура беришчу. эми бийлик чек арасын туптоп, оз жери учун курошо баштаганда чыр кобойду. биздин минитип оз жерибизди коргообуз конечно кошуналарга жакпай калды. бирок, биз мындан коркпошубуз керек. акыры ушунтип ушунтип отуруп чечилет. бирок да, компромиске эки жак бирдей келуусу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан