"Кримавторитет" Камчы Көлбаевдин иниси Руслан Абасовдун өлүмү боюнча суракка алынган”,- деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысынын орун басары Калыбек Сатывалдиев.
Анын айтымында, Камчы Көлбаевдин иниси Дмитрий Цой менен жолуккан. “Бул жолугушуу Абасовдун өлүмүнө чейин Чолпон-Атада орун алган. Ошондуктан Көлбаевдин иниси суракка алынган”,- деди Сатывалдиев.
“Мындан тышкары камакта отурган Камчы Көлбаев менен анын энеси жана иниси жолуккан. Биз буга уруксат бердик. Анткени ар бир адам үчүн эне өтө ыйык”,- деп түшүндүрдү ал.