Кыргызстандык спортчу Александр Петров гиря көтөрүү спорту боюнча Европанын Ачык чемпиондугун утуп алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ал түртүп көтөрүүдө жалпы салмагы 48 килограмм келген 2 гиряны 55 ирет түртүп көтөргөн. Ал эми жулкуп көтөрүүдөгү көрсөткүчү 190го барабар болгон. Андан тышкары бул мелдеште кыргызстандык Екатерина Старикова да алтын медаль тагынган.