Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында болгон кемчиликтердин саны 2014-жылдын 1-кварталы менен былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 22 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-кварталында врач-эксперттер тарабынан амбулатордук оорулуулардын 10,4 миң медициналык картасына экспертиза жүргүзүлгөн, бул 2013-жылдын 1-кварталына караганда 12,6 пайызга көп (9,1 миң), бул поликлиникалык тейлөөнүн жалпы санынын 0,5 пайызын түздү.
2014-жылдын 1-кварталында дефект болгон карталардын саны 2585ти түздү, бул 2013-жылдын 1-кварталына караганда 31,4 пайызга көп (1774).
Ал эми баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө толук кандуу жардам көрсөтүлгөн эмес деп 3743 учур аныкталды, бул 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 22,8 пайызга көп (2888). Текшерүүдөгү кемчиликтердин саны 715ке жетти же 19,1 пайызды түздү. Дарылоодогу кемчиликтер 1737 учур же 46,4 пайыз. Диспансеризациялоодогу кемчиликтердин саны – 429 же 11,5 пайызды түзүүдө, ооруканага жаткырууга негизсиз жолдомолор – 90 учур же 2,4 пайызды түздү.