24-май күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда гиря көтөрүү спорту боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, мелдешке республиканын аймагындагы облустардан, райондордон жана шаарлардан спортчулар чакырылган.