Жайыл райондук электр тармактарынын электр станциясынын кызматкерлери жыл башынан бери 118 рейд жүргүзүп, жыйынтыгында 656,5 миң сом суммасына 102 укук бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылдын башынан бери кызматкерлер тарабынан электр энергиясын уурдоону жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу максатында 118 рейд жүрдү. Анда электр энергиясын колдонууда 656,5 миң сомго 102 тартип бузуу аныкталып, 1880 абоненттин, анын ичинде 40 өнөр жайлык абоненттин электр энергиясы өчүрүлдү.