“Кыргызстанда айрым милиционерлердин 10 жолу турникте тартына албаганы өкүндүрөт” дейт министр Абдулда Суранчиев

“Кыргызстанда айрым милиция кызматкерлеринин физикалык даярдыгынын начар болгондугу абдан өкүндүрөт” деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысы Абдулда Суранчиев.

Анын айтымында, айрым укук коргоочулардын 10 жолу турникте тартынууга күчү жетпейт. “Бир милиционер бар. Мектеп окуучулары гранатаны 10 метрге ыргыта алса, ал араң 9 метрге ыргытат экен. Бул, албетте, уят”,- деди министр.

Мындан тышкары Суранчиев милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилеси боюнча да айта кетти. “Кээ бирөөлөр жарандар менен туура мамиле түзүп, эл менен тыгыз байланышта иштешсе жакшы болмок. Ата-энелер балдарын “ары-бери шалпайып жүрбөсүн, кылмыштуу топтордон алыс болсун” деп ИИМ академиясына жөнөтүшөт. Ошондуктан бизге ар кандай көз караштагы балдар келишет”,- деди ИИМдин башчысы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kaniet
2014-05-19 14:42:03
КУрсактын айынан :)
+2
lampard8
2014-05-21 02:18:20
kaniet, осода)))
0
Aibek-312
2014-05-19 14:51:46
кочодо анан мынан акча сындырып тамеки чегип ден соолугуна зыян келтирип журсо кайдагы турник
+2
AnarRazakovich
2014-05-19 15:30:35
арасында он жолу эмес, бир жолу да тартына албачуулар бар
+3
Talantchik
2014-05-19 15:49:29
Турник ойнобойт спортзалга барбайт ошондон улам корунгондон келтек жеп журотко баякы расул кызынан эле келтек жегинен эле тунулгом
+3
RNA78
2014-05-19 16:02:23
Айрым кызматкерлер эмес, копчулугу десе туура болмок.
+3
Bodibilding
2014-05-19 16:36:48
Алар емне кылсын чон курсак менен тартына албаса.
+2
yasmina_kg
2014-05-19 17:30:04
Байкуштар кантсин,озлору учун аз келгенсип чондорун да чонтокторун толтуруш керек.Убакыт жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан