“Кыргызстанда күнүнө 125тен 360ка чейин кылмыш катталат” деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысы Абдулда Суранчиев.
Анын айтымында, кылмыштардын басымдуу бөлүгүндө ким күнөөлүү, ким шектүү экени белгилүү. “Ушундай кылмыштар боюнча иштер козголуп, тергөө амалдары өз кезегинде жүрө берет. Бирок айрым учурларда кылмышты ким жасаганы белгисиз болот. Кылмышка шектүүлөрдү табууга бир топ убактыбыз кетет”,- деди Суранчиев.