Маалыматка ылайык, аталган келишимдин негизинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо жана Кыргызстандагы 22 оорукананын имаратын оңдоо үчүн 11 миллион долларлык грант бөлөт. Бул каражат өлкөдөгү эне жана баланын саламаттыгын чыңдоого жана ооруканалардын имараттарын оңдоо иштерине жумшалмакчы.