Бүгүн, 19-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаштар борборунун алдында конференция залы, Ала-Бука районундагы Ала-Бука жаштар борборунда бизнес-борбор, Майлы-Суу жаштар борборунда медиа-борборлордун ачылуу аземдери болду. Бул тууралуу «Жаш жарандардын өнүгүүсү» коомдук фондусунун аткаруучу директору Майрамбек Адылбеков билдирди.
Маалым болгондой, бул чакан долбоорлор ЮНИСЕФ, Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү департаменти жана Германия кызматташ коомунун каржылоосунда ишке ашып жаткан «Жаштар борборлоруна киреше алып келүүчү демилгелер» долбоорунун алкагында ачылып жатат. Ошондой эле долбоордун алкагында ушул жылдын январь айында Жалал-Абад облусундагы Жаштар борборлору жана Баткен облусундагы Бужум жаштар борборунун волонтёрлору бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча атайын эксперттердин жардамы менен окуудан өтүшкөн. Окуудан өткөн борборлор ѳздѳрүнүн аймактарында киреше табуучу бизнестердин долбоорун жазышып, донор уюмдарынын алдында коргошуп, натыйжада Токтогул жаштар борбору окуу борбор, Аксы жаштар борбору конференция залын, Майлы-Суу медиа-борбор, Ала-Бука жаштар борбору бизнесборбор, ал эми Баткендеги Бужум жаштар борбору шербет өндүрүүчү жана сатуучу чакан бизнес ачканга жетишишкен.