КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун ЖКнын депутаттары менен бирге Алай районуна болгон кызматтык иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылуу-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, жумуштун башталганына күбө болгон Кубатбек Боронов ишти сапаттуу жана тез арада бүтүрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Аталган мектептин спортзалынын арткы тарабындагы сайдын нугун сел ташкыны жеп кеткендиктен, ӨКМнын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын мерчемине киргизилип, жумуш башталган. Ошондой эле Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясынан өтүүчү жана Жерге-Тал айылына, Кызыл-Суу дарыясынан Гүдүр участогуна өтүүчү авариялык абалга келип калган көпүрөлөрдүн абалдары менен таанышып, каржы маселесинин чечилишине карап, көрүп бере турганын белгиледи.
Андан ары министр Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылынан Алай айыл аймагынын Көлдүк участкасына барып, андагы курулуп жаткан каналды көрдү. Ошондой эле Жошолу айыл аймагынын элин таза суу менен камсыз кылуучу системи менен таанышып кайтты.