“Жумгалда жоголгон милиция кызматкерин аны кубалап жаткандар жерге көмүп салышы мүмкүн” дейт Абдулда Суранчиев

2014-жылдын 20-февралында Жумгал районунда өтүп жаткан соттогу жаңжалдан кийин качып, бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан айыпталуучу милиция кызматкери Рустам Токтогуловду аны кубалап жаткандар кармап, жерге көмүп салышты деген версия бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысы Абдулда Суранчиев билдирди.

Анын айтымында, жоголгон Рустам Токтогуловду издөө иштери учурда жүрүп жатат. “Аны издөөгө атайын жабдуулар колдонулууда. “Ал тирүү” деген сөздөр болуп жатат. Албетте, биз буга үмүттөнөбүз”,- деди министр.

Эске салсак, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.

Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toobaldaru
2014-05-19 16:27:02
ушунчалык болбойт да. кадимки согуштагыдай орт коюп, олгончо сабап, бул маданиятсыздыктын, билимсиздиктин жеткен чеги. кандай болбосун, кандай иш болбосун токтоолук, сабырдуулук, толлеранттулук керек. илгери кыргыздарда качан ушундай болчу эле. баарын аксакалдар эле чечип койчу. азыр бир айылдын ичинде эле ушунча жанжал болуп, анан да азыркыга чейин же милицияны тоготпой, же сотту укпай оз билемдик кыла берген туура эмес деп ойлойм.
0
mirbakg
2014-05-19 18:20:49
toobaldaru, кыргыздар биз токтоо калкпыз бирок бирок бироонун баласын олдуруп койуп сайрандап Журсо бир жылдан бери сот адилетту чечимин чыгарбай Журсо Суппер инфодон да чыккан Уч милиция камакта отуруп Кандай жаныжыл тосуп сайрандагандары биздин сот адилетту иштеп ушул нерсеге жеткирбей чечимин чыгарып камаганда ушул иш болмок эмес Мындай ишке мен да бармакмын эгер ушул даражага жеткирсе !!
+1
admin_portal
2014-05-20 12:38:16
algajawoo - 15 күнгө БАН!
Аймактык бөлүүжана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан