Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен жай айларында Кыргызстанда биринчи жолу шаардык мэриялардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда аталган агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дене тарбия жана спорт тармагын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жайылтууга багытталган спартакиада 2 баскыч менен өткөрүлөт. Ага республикалык маанидеги шаарлар Бишкек жана Ош мэриялары катыша алышпайт.
Уландар жана кыз-келиндер катыша турган спартакиаданын программасына армрестлинг, волейбол, гиря көтөрүү спорту, жеңил атлетика, кичи футбол, стол үстүндө ойнолуучу теннис, аркан тартыш, стритбол жана тогуз коргоол сыяктуу спорт түрлөрү киргизилген.