17-майда Ош технологиялык университетинде аймактык студенттердин олимпиадасы өттү. Маалым болгондой, аталган иш-чаранын уюштуруу жана өткөрүү милдеттерин университет өз жоопкерчилигине алган. Анда окуу жайдын башкы корпусунун алдында ачылыш аземи болуп, ага жалпысынан студенттер, ар бир окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулар катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Кыргызстандын түштүгүндөгү тогуз жогорку окуу жайдын студенттери катышышты. Жалпысынан студенттик олимпиада 34 предметтен 56 багыт боюнча өткөрүлүп, 900гө жакын студент күч сынашты. Ал эми уюштуруу тобу олимпиадага келген студенттерди окуу жайдын материалдык-техникалык базалары менен тааныштыруу үчүн түшкү тыныгуу убагында экскурсия уюштуруп, окуу жай тууралуу кенен маалыматтарды беришти.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылып, жалпысынан эң мыкты катышкан 56 студентке, 3-орунду алган 56 студентке, 2-орунду алган 56 студентке, 1-орунду алган 56 студентке дипломдор жана белектер берилди.
Айта кетсек, 2015-жылы боло турган IV аймактык студенттердин олимпиадасын өткөрүү эстафетасы Ош мамлекеттик социалдык университетине тапшырылды.